20.06.2018 11:25

Салык кызматы жыл башынан бери 19,9 млрд сом жашырылган салыкты казынага кайтарды

Салык кызматы жыл башынан бери 19,9 млрд сом жашырылган салыкты казынага кайтарды

Салык кызматы жыл башынан берки текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча 19,9 млрд сом жашырылган салыкты кошумча эсептеди. Бул туурасында Мамлекеттик салык кызматынан билдиришти. 

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик салык кызматы үстүбүздөгү жылдын башынан бери ишкердик субъекттерде 4 миң 817 текшерүү жүргүздү.

Жүргүзүлгөн салыктык текшерүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча 19 млрд 969,9 млн сом өлчөмүндө салыктын төмөндөтүлгөн (жашырылган) суммасы бюджетке кошумча эсептелди. Бул 2017-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 14 млрд 573,2 млн сомго көп.

Салыктык текшерүүлөрдүн материалдары боюнча келип түшүүлөр 2 млрд 340 млн сомду түздү, бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 743,3 млн сомго, же 47% га көп.

Мындан сырткары, жыл башынан бери жалпы кошумча кошуп эсептелген 3 млрд 569,3 млн сом өлчөмүндөгү салыктык текшерүүлөрдүн 67 материалы тийиштүү чараларды көрүү үчүн укук коргоо органдарына берилген.